Биз менен байланышыңыз

Боронов бош орундарды көрсөткөн системанын даяр эместигин сындады

Кыска кабар | 10 Июл 2020 | 671 | 0

Бишкекте жана Чүй облусунда бейтаптар үчүн орундарды көбөйтүү иштери улантылууда. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Премьер-министр Кубатбек Боронов тиешелүү пункттарды көбөйтүү жана уюштуруу иштерин ыкчам тартипте жүргүзүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы бардык медицина кызматкерлерин жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздоону туруктуу көзөмөлгө алуу зарылдыгын айтты.

— «Медициналык мекемеге бекитилген кураторлор керек болсо күнү-түнү туруп, дарылоого муктаж жарандарды ооруканага  жаткырасыңар! Адамдар ооруканага бир нече жолу кайрылып, аны эч жерде кабыл албай койгон учурлар болбосун. Орундарды оптималдаштырып, кошумча керебеттерди койгула. Бейтаптар үчүн кошумча орундарды даярдоо, тиешелүү бөлүмдөрдү уюштуруу жана зарыл жабдуулар менен камсыз кылууну уланткыла», — деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жана Саламаттык сактоо министирлигинин жетекчилигин сынга алды.

— «Ооруканаларда орундарды каттоо боюнча электрондук система эмне үчүн азыркыга чейин даяр эмес? Эмне үчүн Бишкектеги медицина кызматкерлери ушуга чейин эмгек өргүүсүнөн чакыртыла элек? Участоктук дарыгерлер калкка оорунун өтүшү, пневмониянын өрчүшүнө жол бербей дарылоо тууралуу маалымдоо иштерин жүргүзүшсүн», — деди Кубатбек Боронов.

Copyright © 2017 Maral FM