Биз менен байланышыңыз

Дастан Догоев Санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткарат

Кыска кабар | 26 Окт 2021 | 379 | 0

Дастан Догоев Санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Эми Дастан Догоевдин талапкерлигин Жогорку Кеңеш жалпы жыйында карап берет. Эгер жактырылып, колдоо тапса, президент аны министр кызматына бекитет.

Эске салсак, Дастан Догоев ушул жылдын 20-майында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалган. 12-октябрда жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамына жана түзүмүнө өзгөртүү киргизилип, Санариптик өнүктүрүү министрлиги жоюлган.

Copyright © 2017 Maral FM