Биз менен байланышыңыз

Дастан Догоев эмгек жамаатына тааныштырылды

Кыска кабар | 21 мая 2021 | 667 | 0

Бүгүн, 21-майда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жамаатына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоевди тааныштырды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

20-майда Дастан Догоев министрликке жетекчи болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койгон.

Дастан Догоев буга чейин Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп иштеген.

Ал эми, мурдагы Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев ири өлчөмдө пара алып кармалып, 20-июнга чейин камакка алынды.

Азамат Дыйканбаев 20-июлга чейин камакка алынды

Copyright © 2017 Maral FM