Биз менен байланышыңыз

Коронавирустун жайылышына байланыштуу дүйнөдө кибер чабуулдар күчөдү

Кыска кабар | 4 Апр 2020 | 535 | 0

Айрым эл аралык компаниялардын изилдөөлөрү дүйнө жүзү боюнча кибер чабуулдардын көлөмү көбөйгөндүгүн көрсөттү. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди.

Дастан Догоев глобалдык кризистин кызып турган маалында коронавирустун жайылышына байланыштуу кээ бир кара ниет адамдар маалыматтык базаларга кол салып жатканын билдирди.

— «Кээ бир кара ниет адамдар мамлекеттик кызматтардын, жарандардын жана компаниялардын маалыматтык системаларына кол салуу үчүн түзүлгөн кырдаалды пайдаланып жатышат. Буга байланыштуу биздин жарандарыбызга кайрылып кетким келет, интернет технологияларын кылдаттык менен колдонууга чакырам» , — деди Догоев.

Copyright © 2017 Maral FM