Биз менен байланышыңыз

Азамат Дыйканбаев 20-июлга чейин камакка алынды

Кыска кабар | 21 мая 2021 | 712 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурдагы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаевди 20-июлга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдирди.

Жактоочусу билдиргендей, Азамат Дыйканбаев учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалууда.

Эске салсак, кечээ 20-майда Азамат Дыйканбаев ири өлчөмдө пара алып жатып кармалган.

Маалым болгондой, УКМК «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашырып жаткан чет өлкөлүк компаниянын өкүлүнүн арызынын негизинде сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган. Арызда бул долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүнө байланышкан келишимди узартуу маселесин чечүү үчүн чоң суммадагы акча талап кылынганы айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM