Биз менен байланышыңыз

Догоев: “Infodocs” электрондук документ жүгүртүү системасын иштелип чыкты

Кыска кабар | 4 Апр 2020 | 596 | 0

«Инфоком» мамлекеттик ишканасы мамлекеттик органдарында “Infodocs” электрондук документ жүгүртүү системасын иштеп чыкты. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди.

Бүгүнкү күндө система 123 мамлекеттик органда иштейт, 6 айда 237 миң документ катталган, ошондой эле 9 миңден ашуун кызматкер системанын пайдалануучулары болуп эсептелет.

Дастан Догоев билдиргендей, өлкөнү санарипке өткөрүүнүн мамлекеттик саясатынын алкагында «Санарип Кыргызстан» концепциясын ишке ашыруу боюнча иштер улантылып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM