Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга 5G технологиясы киргизилген эмес

Кыска кабар | 8 Июл 2020 | 1663 | 0

Бүгүнкү күндө 5G технологиясы Кыргызстанга киргизиле элек. Бул тууралуу бүгүн, 8- июлда Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандагы байланыш операторлору Мамлекеттик байланыш агенттигинин уруксатысыз 5G тармактарынын жабдууларын орнотуп да, иштете да алышпайт.

Ошол эле учурда 5G технологиясын колдонуу боюнча лабораториялык текшерүүлөр жүргүзүлүп, ден-соолукка эч кандай коркунучу жок экендиги тастыкталгандыгын белгилей кетүү керек.

Акыркы учурда социалдык тармактар ​​аркылуу 5G технологиясынын зыяндуулугу жана ал аркылуу жугуштуу жана башка оорулардын жайылып жатканы жөнүндө маалыматтар тарап жатат.

Жогоруда айтылгандарды эске алганда, жаңы технологиянын зыяндуулугу жөнүндө социалдык тармактар ​​аркылуу таратылган билдирүүлөр чындыкка дал келбейт.

Copyright © 2017 Maral FM