Биз менен байланышыңыз

Билим берүү мекемелеринин бирдиктүү реестери түзүлөт

Кыска кабар | 7 Окт 2019 | 665 | 0

Жакынкы убакытта билим берүү мекемелеринин бирдиктүү маалымат реестери түзүлөт. Мында билим берүү түзүмүндөгү бардык маалымат электрондук түрдө сакталат. Мектеп, бала бакча, педагогодор, билим берүү программалары, ЖОЖдор боюнча маалымат камтылат жана ал «Түндүк» системасына кошулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен Бишкекте өткөн жыйында билдирди.

Каныбек Исаков электрондошуп жаткан доордо билим берүү мекемелеринин жумушу да тез арада санариптешүүгө багытталышы керек деп эсептейт. Министр бул аркылуу коррупциялык элементтерге бөгөт коюу механизми жөнгө салынарын белгиледи.

«Ишти жакшыртуу үчүн түзүмдүк реформаларга барабыз. Ашыкча түзүмдөрдү жоюп, санариптешүүгө өтүүнү тездетишибиз керек. Ар бир көйгөйдү системдүү чечүү менен билим берүүнүн башкы мекемесинин жоопкерчилигин күчөтүү зарыл», — деди Исаков.

Мындан сырткары окуу китептеринин жазылышы, чыгышы, сапаты, мазмуну жана жасалгасы боюнча жаңы жобо кабыл алынып, механизмдер өзгөрөрүн кошумчалады. Буга чейин айтылган коомчулуктун, адистердин, эксперттердин сын-пикирлери, топтолгон көйгөйлөрдүн жыйындысы терең талданат.

Copyright © 2017 Maral FM