Биз менен байланышыңыз

«Санарип экономика» долбоорун ишке ашырууда 5G пайдаланылат

Коом | 10 Июн 2021 | 1158 | 0

Бардык тейлөө кызматтарын электрондук түргө өткөрүү долбоору ишке ашты. Жарандардын убактысын үнөмдөө максатын көздөгөн бул долбоор мамлекеттик тармактын баарына санарип технологияларын жайылтат.

Буга байланыштуу «2021-2023-жылдардагы Кыргызстандын санарип экономикасы» концепциясынын ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Асел Кененбаева, Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору Талант Калыков жана «Түндүк» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Азамат Буржуев катышты.

Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Асел Кененбаева бул долбоордун негизги максаты тууралуу маалымат берди.

«2021-2023-жылга чейин санариптештирүү боюнча жаңы долбоор иштелип чыкты. Долбоордун ичинде 33 негизги маселе каралган. Ушул каралган бардык пландар 2023-жылдын аягына чейин мамлекеттин бардык тийиштүү мекемелери тарабынан ишке кириши керек. Негизги максат: жарандарга ыңгайлуу шарт түзүп берүү; убактысын үнөмдөө максатында бардык тейлөө кызматтарын электрондук түргө өткөрүү; алардын маалыматтык коопсуздук маселесин түзүү; интернетке жалпы кеңири тилкелүү жетүүнү камсыздоо. Ири шаарларга гана эмес, айылдарга да технологияларды кеңири киргизүү башкы милдет болуп саналат». 

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору Талант Калыковдун айтымында, аталган долбоорду санариптештирүүдө 5Gнин алкагында алгач пилоттук түрдө ишке ашыруу пландалууда.

«Бул долбоор быйыл пилоттук ыкма менен ишке кирери күтүлүүдө. 5Gнын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу жана элге таанытуу каралып жатат. Бул нерсенин зыяны жок экенин элге жеткирүү керек. «5G базалык станциясынан коронавирус көп тарайт» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул боюнча санэпидем борбордон жалган экенин тастыктап беришкен. Дүйнөлүк практикада да бул базалык станциянын зыяны жок. Санариптештирүүнүн алкагында байланыштын сапатын жакшыртуу максатын көздөдүк. Учурда бул процесстер боюнча атайын операторлор менен иштешип, анализ жүргүзүлүп жатат».

«Түндүк» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Азамат Буржуев ар бир жаран өзүнүн чөнтөк телефонуна аталган долбоордун Tunduk мобилдик тиркемесин App Store же Play Market тиркемелеринен көчүрүп алуусу мүмкүн экенин билдирди. Буржуев тиркемеге расмий катталгандан кийин айлык акысы боюнча маалымкат ж.б. бир топ документтерди электрондук түрдө ушул тиркемеден алса болорун айтат.

«Учурда чоң долбоорду ишке ашыруу алдында турабыз. Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте «Түндүк» мамлекеттик ишканасы бул концепциянын үстүндө иштеп жатат. Долбоордун үстүндө атайын мамлекеттик тейлөө кызматтары деген портал түзүлгөн. Бул атайын тиркеменин негизинде иштейт. Ар бир каалоочу мобилдик тиркемени көчүрүп, расмий түрдө идентификациядан өткөрүшү керек. Аны менен ар бир жаран тууралуу жетиштүү маалымат ала алабыз. Мындан сырткары жарандардын электрондук түрдө коюлган колун иштеп чыгабыз. Долбоордун негизинде ар бир жаран калкты тейлөө кызматына кайрылып, өзүнүн электрондук түрдө койгон кол тамгасын алууга болот».

Санарип трансформация шарттарында өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмүн арттырып, жарандардын жашоосун жакшыртууга шарт түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM