Биз менен байланышыңыз

Султанов: Кыргызстан жаңы технологиялар жаатында Эстониядай боло алат

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Мар 2021 | 676 | 0

Кыргызстан жаңы технологиялар тармагында Эстониядай боло алат. Мындай пикирин «Кыргыз интернет» коомунун жетекчиси Талант Султанов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Эстония чакан мамлекет болгонуна карабай, айыл чарба өндүрүмүн көп экспорттойт. Анын көпчүлүгү жаңы технологиялардын жардамы менен ишке ашат. Кыргызстанда да мындай технологиялар айыл калкына көмөк көрсөтө алат.

Кыргызстан жаңы технологияларды колдонууда алгачкылардан болууга аракет кылышы абзел.

«Жаңы технологиялардын жардамы менен жердин нымдуулугун өлчөөгө, аба ырайынын болжолун аныктоого болот. Коомчулукту технологияларды колдонуунун шарттарына окутуу зарыл. Аны өздөшүрүү оңой. Башкысы, жаңы технологиялардан коркпоо керек», — дейт Султанов.

Ал белгилегендей, электрондук технология кыска мөөнөттө ири киреше алып келет. Бирок экономиканы интернет аркылуу өнүктүрүү үчүн бардык аймактарды интернет менен камсыздоо кажет.

Султанов Кыргызстанга 5G интернети келе электигин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM