Биз менен байланышыңыз

Бразилиядагы чабуул 17 адамдын өмүрүн алды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 мая 2019 | 631 | 0

Бразилиянын түндүк-чыгыш тарабында 3 жолу атышуу катталып, жалпысынан 17 адамдын өмүрүн алды. Жергиликтүү Globo телеканалынын маалыматына ылайык, окуя баңгизат ташуучулардын ортосундагы чырдан улам болгон.

Алгачкы эки жолку атышуу Лауру-ди-Фрейтас шаарында болуп, анда 6 киши каза болгон. Алардын экөө — өспүрүм. Колго түшүрүү учурунда каршылык көрсөткөн төрт кылмышкер милициянын огунан каза болгон. Аларга тийиштүү куралдар экспертизага жиберилди.

Дагы 11 адамдын өлүмү Белен шаарында катталган. 6 аял жана 5 эркек куралдуу кылмышкерлердин огунан жан беришкен.

Бразилиянын түндүк аймагына март айында коопсуздукту сактоо үчүн күчөтүлгөн режимдеги күзөт жиберилген. Ошондой эле, Улуттук укук коргоо күчтөрү да тынчтыкты сактоо максатында 500 аскерин бөлүп берген.

Белгилей кетсек, Бразилиянын түндүк тарабы кылмыштуулук өнүккөн район болуп саналат. Маалыматка ылайык, калктын 60 %ы көчөгө жалгыз чыгуудан коркушат.

Copyright © 2017 Maral FM