Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Бразилияда сутка ичинде каза болгондор 3 миңден ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Мар 2021 | 960 | 0

Бразилияда коронавирустун кесепетинен каза болгондор акыркы сутка ичинде 3 миң адамдан ашты. Мындай маалыматты өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги бөлүштү.

Бразилияда каза болгондордун мындай жогорку көрсөткүчү биринчи жолу болду. Коронавирустун курмандыгы болгон жалпы 298 676 бейтаптын 3 251 учуру соңку 24 саатта катталган.

Ушул эле мезгилде жуктургандардын саны 82 493кө көбөйүп, 12 130 019га жетти.

Акыркы бир жуманын ичинде Бразилияда 510 901 жаңы учур катталып, өлүм саны 15 600дөн ашкан. Бул көрсөткүчтөр катары менен үчүнчү жумада өлкөдөгү эпидемиянын эң жогорку көрсөткүчтөрүнө жетти. 

Бразилияда коронавирус инфекциясы алгачкы жолу өткөн жылдын 26-февралында катталган. 2021-жылдын 12-мартында вирустун жаңы учурлары менен каза болгондордун көбөйүшү боюнча АКШдан кийинки 2-тизмеге чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM