Биз менен байланышыңыз

Бразилияда пандемия учурунда 4 жолу Саламаттыкты сактоо министри алмаштырылды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Мар 2021 | 841 | 0

Бразилияда пандемия башталгандан бери 4 жолу Саламаттыкты сактоо министри алмаштырылды. Бул тууралуу «DW» жазды.

Бразилиянын президенти Жаир Болсонару кардиолог Марсел Кейроганы Саламаттыкты сактоо министри кылып дайындоону чечти. Кейрога өлкөнүн пандемия башталгандан берки төртүнчү Саламаттыкты сактоо министри болмокчу.

Генерал Пазуэллу мурдагы жылдын апрель айынан баштап, эки министр-дарыгер Луиса Энрике Мандетта менен Нелсон Тейшанын чуулгандуу окуялар коштолгон кызматтан кетүүсүнөн соң келип, министрлик кызматты аркалай баштаган. Ага чейинки эки министр тең пандемия менен күрөшүүдөгү президенттин аракетине нааразылыгын билдирген болчу.

Бразилия коронавирус жуктуруп алгандардын көптүгү боюнча АКШдан кийинки экинчи орунда турат. Өлкө боюнча пандемия башталгандан бери 11,5 миллиондон ашык адам COVID-19 менен катталган.

Copyright © 2017 Maral FM