Биз менен байланышыңыз

Көк чай — арыктатуучу касиетке ээ

Блог , Ден соолук | 14 Сен 2020 | 4842 | 0

Көк чай — арыктатуучу касиетке ээ өсүмдүк. Айрыкча аялдардын ден соолугу үчүн өтө пайдалуу суусундук болуп саналат. Күн сайын көк чай колдонуу белди 2-3 см чейин ичкертет. Анткени ал өз курамындагы витамин жана минералдардын жардамында курсакты ток кармайт жана зат алмашууну тездетет. Төмөндө сиздерге көк чайдын дагы бир топ пайдалары тууралуу айтып беребиз:


Бир кыргызстандык жылына орточо 1.5 кг чай ичет (кызыктуу фактылар)


Көк чайдын кандай пайдалары бар?

— Иммундук системанын иштешин жолго салат;

— зат алмашууну тездетет;

— кан айлануусун жакшыртат;

— Чачтын жана теринин саламаттыгын камсыздайт;

— салмакты азайтат;

— стресс менен күрөшүп, тынчтандыруучу касиетке ээ;

— ичегидеги желди азайтып, дененин табын төмөндөтөт;

— эс тутумду бекемдейт;

— көздүн астындагы шишикти жок кылууда компресс катары колдонсо болот;

— холестериндин көлөмүн азайтат;

— тамак ооруганда чайкоо үчүн колдонулат;

— тишти жулгандан кийинки ооруну басуу жана кан агууну токтотууда да пайдалуу.


Келиңиз, чай ичебиз! 10 өлкөнүн чай ичүү салтанаты

Адистердин пикиринде, көк чайды күнүнө эки жолу ичүү максатка ылайык. Анткени күнүнө эки чыны көк чай ичүү адамдын эс тутумун жана мээсинин иштешин жакшыртат. Бул суусундук ашыкча майларды эритип, диетадагы адамга көмөкчү болот. Акыркы жылдары көк чай диеталык менюларда өз ордун тапкан. Аны ысык жана муздак абалда да ичсе боло берет.

Эскерте кетүүчү жагдай, кан басымы төмөн адамдарга көк чайды көп ичүү опурталдуу. Мындай учурда дарыгер менен кеңешкениңиз оң.

 

Copyright © 2017 Maral FM