Биз менен байланышыңыз

Келиңиз, чай ичебиз! 10 өлкөнүн чай ичүү салтанаты

Блог | 25 Авг 2019 | 2176 | 0

Келиңиз, чай ичебиз! Чай ичүүгө чакыруу өзү эле ошол кишиге болгон сыйды түшүндүрүп, адамга жылуулук тартуулайт. Күнүмдүк жашообузда ичимдик катары эң көп чайды колдонобуз. Чайсыз жашообузду элестетүү өзү мүмкүн эмес болсо керек. Кээде жөн эле чай ичип отуруу деле адамга бактылуулук тартуулайт. Мына ошол биз ичип жүргөн жөнөкөй пиаладагы чай дүйнө жүзүндөгү башка өлкөлөрдө кандай болду экен деген суроо сизде жаралды беле? Анда сиздерге дүйнө элдеринин чай ичүү маданиятын сунуштайбыз.

1.Япония. Матча — майдаланып порошок түрүнө келтирилген көк чай. Чайдын бул түрүн колдонуу Япон чай ичүү маданиятында салтка айланган.

2.Индия. Өзүнүн бай жана көп түрдүүлүккө ээ болгон чайлардын тарыхына ээ өлкө. Индиялыктарга таандык болгон “Масала” чайы чайга ар түрдүү жыпар жыттуу чөптөрдү кошуп кайнатуу менен даярдалат.

3. Улуу Британия. Кара чайды сүт жана кум шекер менен бир күндө бир нече жолу ичишет.

4. Түркия. Баарыбызга белгилүү болгондой түрк кофеси дүйнө жүзүндө атак даңкка ээ. Ошол эле учурда түрк чайы да белгилүү. Түркияда чайды күн сайын тамак менен да, тамактан сырткары да ичишет.

5. Тибет. Тибеттиктердин сатка айланган “бо ча” чайы туз жана май менен берилет. Бир кыйла каныккан жана ачуу даамга жетүү үчүн чай бир нече саат боюу кайнатылат. Май жана туз чай сунулардын алдында дароо кошулуп берилет.

6. Марокко. Жалбыз жалбырактары менен чай өзгөчө популярдуулукка ээ жана жалбыз чайын демдөөнүн өзүнүн эле бир канча ыкмалары бар.

7. Орусия. Бир нече чайдын сортторун өз-өзүнчө кайнатып алып, кийин аралаштырып куюшат. Атайын чай демдөө үчүн самовар колдонушат.

 

8. Тайланддын салтында чайды сүт жана муз менен беришет.

9. Египет чоң өлчөмдө чайды импорттоочу өлкөлөрдүн катарында. Египет калкы үчүн таттуу эмес кара чайды күн сайын ичип туруу адатка айланган. Үйлөнүү үлпөт тойлорунда кытай розаларынан жасалган чай сунулат.

10. Малайзияда Teh tarik чайы кара чай, кум шекер, жана сүт менен көбүк пайда болгончо чейин аралаштырылып жасалат. Каймак даамданган чай түштөнүүдөн кийинки убакта жакшы ичилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM