Биз менен байланышыңыз

Өкмөт орозодо ифтарларды уюштуруудан карманууга чакырууда

Кыска кабар | 10 мая 2020 | 865 | 0

Өкмөт ыйык Рамазан айында ооз ачуу кечелерине баруудан карманууга чакырат. Бул тууралуу бүгүн өткөн брифингде биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов айтты.

Вице-премьер өзгөчө абал токтотулганы менен өзгөчө кырдаал режими улантыларын эскертти.

Орозодо ифтарларды өткөрбөй турууга чакырабыз. Эгерде кимде-ким чайканаларда ифтар уюштурса, жоопкерчиликке тартып, ири көлөмдө айып салабыз. Бардык жерде патрулдук көзөмөл, текшерүүлөр болот, — деди Боронов.

Ал ошондой эле кафе-ресторандардын жана көңүл ачуучу жайлардын иштешине азырынча уруксат берилбей турганын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM