Биз менен байланышыңыз

Умра сапары. Сауд Аравия коронавирустан улам кичи ажылыкка тыюу салды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Фев 2020 | 1242 | 0

Сауд Аравия умра амалдарын жасоо үчүн башка өлкөлөрдөн Меккеге барган зыяратчыларды кабыл алууну убактылуу токтотту. Андан сырткары, коронавирус күч алган мамлекеттен келген туристтерге да өлкөгө кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министри маалымдады.

Ошондой эле, Саламаттыкты сактоо министрлиги да Сауд Аравия коронавирус менен күрөшүүдө эл аралык уюмдарды, айрыкча Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмун колдоого даяр экендигин билдирди.

27-февралга карата коронавируска кабылгандардын жалпы саны 82 минден ашты. Анын 79 миңге жакыны Кытайда.


27-февраль: Түштүк Кореяда коронавируска кабылгандар 1600гө чамалады [хронология]

Copyright © 2017 Maral FM