Биз менен байланышыңыз

Борбор Азиядагы ири мечиттин ачылышы коронавирустан улам артка жылдырылды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Мар 2020 | 814 | 0

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өтө турган Борбор Азиядагы ири мечиттин ачылышы коронавирустан улам артка жылдырылды. Бул тууралуу «Азия-Плюс» порталы жазды.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Катар эмири Тамим бин Хамад аль-Танинин катышуусунда боло турган мечиттин ачылышы 12-мартка пландалган болчу.

Тажикстандын диний кеңеши көпчүлүктү топтоодон убактылуу алыс болууну сунуштаган.

Мечиттин курулушунун алгачкы ташын ханафи масхабынын негиздөөчүсү Абу Ханифанын 1310 жылдыгына арналган иш-чаранын алкагында өлкө башчысы Эмомали Рахмон өзү койгон.

Мечиттин курулушу 2011-жылдын октябрында башталып, 9 жылдай созулду. Долбоор 100 миллион долларга бааланган, анын 30 миллионун тажик бийлиги, калганын катар бийлиги бөлүп берген.

Мечит 12 гектар жерде жайгашкан. Анда китепкана, музей, жыйындар залы, административдик имарат, ашкана жана 4 миң унаа үчүн токтотуучу жай каралган. Ар бири 75 метр бийиктиктеги 4 минареттен турат, башкы купол 47 метр жана дагы 20 чоң-кичине куполдору бар.

Дүйшөмбүдөгү мечит – өлкөдөгү ири архитектуралык курулуш болуп саналат жана Тажикстан эгемендүүлүк алгандан бери курулган ири диний обьект.

Copyright © 2017 Maral FM