Биз менен байланышыңыз

Депутат Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу маселесин көтөрдү

Кыска кабар | 27 мая 2021 | 704 | 0

Жогорку Кеңештин 27-майдагы жыйынында депутат Рыскелди Момбеков Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин саламаттыгын текшерүүнү сунуштады.

Анын айтымында, Бейшеналиев уу коргошун менен Кыргызстанды дүйнө жүзүнө уят кылды.

«Уу коргошун менен ушунчалык Кыргызстанды уят кылды дүйнө жүзүнө. Эми кечээ Москвага барып келген президентибизди «Орусиянын президенти менен уу коргошун жөнүндө сүйлөштү» деп карандай калпты айтты. Дагы жакшы, Эрбол (Султанбаев — президенттин маалымат катчысы) деген бала азамат экен, эки саатка жеткизбей апыртма экенин айтып чыкты. Болбосо, президентти да уят кылмакпыз да: «уу коргошунду Москвага барып кеп кылып келиптир» депчи«, — деди депутат.

Момбеков парламенттин 84 депутаты Бейшеналиевдин аталган кызматтан кетирүү боюнча токтом чыгарганын эске салды.

«84 добуш менен президентке импичмент жарыялап, башкы прокурорду кызматтан кетирсе болот да. А эмне үчүн биз Саламаттыкты сактоо министрин иштен кетире албайбыз? Баарыбыздын эле врач, дарыгер тууган-туушканыбыз, жоро-жолдошубуз бар. Алардын баары эле айтып атышат: «COVID кетпесе кетпесин, ушул «комик» кетсе болот эле», — деп. Ушуга чейин жетпедикпи. Эми сегиз эле депутаттын сунушу менен кетирип койсок деле болот эле да»,- деди Момбеков.

Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттыкты сактоо министри болуп 2020-жылдын октябрь айында дайындалган.

28-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу боюнча өкмөткө сунуштоо жөнүндө Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин чечимин колдошкон.

Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындады. Алымкадыр Бейшеналиев кызмат ордунда калган.

Copyright © 2017 Maral FM