Биз менен байланышыңыз

Президенттин кортежи кабылган кырсыктан Садыр Жапаровдун дарыгери каза болгон

Кыска кабар | 6 Июн 2021 | 1823 | 0

Президенттин кортежи кабылган кырсыктан Садыр Жапаровдун дарыгери каза болгон. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарына Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирген.

Анын айтымында, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты кечээ, 5-июнда өткөн.

«Илгиз Усубалиев 37 жашта болчу. Көп жылдар бою Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунда эмгектенген. Ал прездиенттин дарыгери болчу. Кырсыктын кесепетинен оор жаракаттарды алган», — деп билдирген министр.

Андан тышкары УКМКнын 9-кызматынын эки кызматкерине операция жасалары күтүлүп жатат.

Бүгүн, 6-июнда бирөөсүнө, экинчисине дүйшөмбү күнү операция жасашат. Дагы бир кызматкер ооруканада дарыланууда, операцияга муктаж эмес. Абалы – орто оор. Алардын унаасы менен сүзүшкөн жеңил унаанын айдоочусунун жана жүргүнчүсүнүн абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Эске салсак, 4-июнда Ысык-Көл районунун Ананьево айылы тарапта Садыр Жапаровду коштогон кортеждеги жол тандабас жеңил унаа менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен 1 киши окуя болгон жерде каза болгон. Маалыматты Президенттин администрациясы тастыктаган.

Президентти коштогон кортеж кырсыкка кабылып, бир офицер каза тапты

Copyright © 2017 Maral FM