Кытайдан келген жаран Мамат Расул Хасан менен «5+1» программасында Кытай лагериндеги тарбия, азчылык улуттардын жашоо-шарты, аларга карата кысымдар тууралуу кеп кылдык.
Кыргызстанга алгач 1992-жылы келгем
1992-жылы ата-энем жана бир тууганым менен Кыргызстанга, тагыраагы, Сузакка көчүп келгенбиз. 2000-жылга чейин Кыргызстан убактылуу документ менен камсыз кылды. Кытайлар атамды уруп, кыйнашканда, кийимдерин чечип: «Жинди болуп калдым, башым такыр иштебей жатат», — деп араң кутулуп чыгат. Жумушка кирейин десе алышпайт. Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылы кубанып, көчүп келдик, бирок 3 эжем Кытайда калган. Аларды алып келүү үчүн Кытайга барсак, паспортторубузду алып коюшту. Ошентип Кытайда кала бердик. Атам 2011-жылы кайтыш болду. Кыргызстанга кайтуу үчүн таякем улам чакыртуу жиберип жатты, бирок Кытай өкмөтү көпкө күттүрүп, 2016-жылы паспорт чыкты. Ага чейин мени тарбиялоо үчүн 1 айлык лагерге жазып коюшту. Лагерде чоң имаратта 76 киши отурабыз. Бизге Кытай саясатын түшүндүрүшчү. Таякем ооруп калганын айтып, Кыргызстанга келип кетүү үчүн бир айга уруксат алдым. 2016-жылы апамды алып, Үрүмчүдөн Бишкекке келдим. 2017-жылы Кыргызстандын жарандыгын алууга жарлык чыкты. Бирок Кытайда калган эгиз уулдарым: «Ата, сен келбесең бизди камаганы жатышат», — деп телефон чалышты.
Кысымдар 1935-40-жылдары эле башталган
Кытайда азчылык улуттарга кысым 1935-40-жылдары эле башталган экен. Анткени атам: «Кыргызстанга чыгып, туугандарымдан кабар алып келейин», — десе, ур-соккуга алышкан. Адамдар абдан кедей жашап, турмушу өтө оор болчу. 1995-жылдан тарта турмуш жакшыра баштады. Биздин үй-бүлөгө кысым 2010-жылы башталды. Боюнда бар же жогун аныктоо үчүн келинчегимди ар жума текшеришет эле. Анткени бир үй-бүлөгө 2 перзенттүү болууга гана уруксат бар. Эгерде үчүнчүсү болуп калса, аялдарды 4, эркектерди 7 жылга камайт. Аялым кош бойлуу болчу, 6 айлык болгондо алдырып салышты. Ушундай оор шартта жашайбыз (көзүнө жаш алып).
Аялым 2017-жылы түрмөгө кирген бойдон дайынсыз
Алгач студенттер, чоң-чоң молдолор, байлар камала баштады. 2013-жылы кысымдар күчөдү. Таякты кармап алып, 2 сааттай көчө айланып жүрчүбүз. Кийинчерээк ар бир көчөгө темир тор орнотуп коюшту. Бир көчөдөн экинчисине өтүү үчүн текшеришчү, ага жарым сааттай убакыт кетет. 2015-жылы мени дагы 1 айлык «тарбиялоого» жазышты. Андан соң таякем чалып, Кыргызстанга чыгууга шарт түзүлдү. 2017-жылы аялым түрмөгө кирип кеткен. Азыркы күнгө чейин эч кандай байланыш жок, кабар ала албай келебиз. Лагерге алынгандар — илим-билимдүү, колунда бар адамдар. Адегенде эле ошондой адамдардын камалуусу — улутту жок кылуунун оңой жолу. Лагерде пенсия курагындагы милициялар иштеген кызматы тууралуу айтып беришет. Өлкө өнүгүп жатканын улам кайталашат, биз керели-кечке угабыз. Кысымдар азайган жок. Качан бүтөрү да белгисиз.
Билим берүү сапаты абдан начар
Маселен, балдарым эч нерсе билбейт. Эртең мененки саат 7де мектепке кетип, кечки саат 16да келишет. Эптеп эле убакыт өткөрүү керек дегендей мамиле бар. Салыштырып айтканда, ал жактын 8-классынын окуучусунун билим деңгээли Кыргызстандын 2-классынын окуучусуна тете. Төрт жылдан бери балдарым менен да байланыша албай жатам. Эч кандай кабар жок. Бул жактан чалсак да, ал жактагыларды: «Чет жактан сага коңгуроо келди», — деп камап коюшат. Кытайдагы туугандар менен такыр байланышым жок.
Адамдар кой сымал жоош жашайт
Эл аралык кысым, санкциялар да Кытайдын саясатын өзгөртө алган жок. Синьцзянда кен байлыктын 120дай түрү бар экен. Аны кытайлар алып кетет. Кытайдан башка улуттарга: кыргыз, өзбек, казак, тажик, уйгурларга кысым бар. Анткени алар жашаган жерлер жакшы, сууга бай. Ушунча кен байлык болсо да, кедей жашашат. Байкуштар нанга акча таба албай жүрүшөт. Миң адамдын бири бай болсо, калганы жарды. Кен байлыкты алып кетсе да, карапайым калкка жай өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүн беришсе болбойбу? Болбосо адамдар кой сымал жоош жашайт. Эч ким кылмыш кылбайт. Кысымдардан улам Кытайдан чыгып кеткендер көп. Кыргызстан Кытай тарап менен келишим түзө турган болсо, Кытайдагы кыргыздардын баары бул жакка келүүнү каалайт. Кыргызстан жарандык берип, бооруна басканы үчүн ыраазычылык билдирем. Кыргыз бийлиги кандаштарын унутта калтырып койбошуна ишенем.