Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкекте кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт

Кыска кабар | 10 Сен 2021 | 488 | 0

Кыргызстанга Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесине катышуу үчүн Түркиянын вице-президенти Фуат Октай келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Манас» эл аралык аэропортунда конокту министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов тосуп алды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмеси, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт.

Сапар алкагында эки тараптуу жолугушуулар, бир катар документтерге кол коюу жана «Маариф» мектебинин ачылышы пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM