Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-түрк бизнес-форумуна ата мекендик 60 компания катышат

Кыска кабар | 9 Июн 2021 | 585 | 0

Президент Садыр Жапаровдун Түркияга расмий иш сапарынын алкагында өтө турган кыргыз-түрк бизнес форумуна ата мекендик 60 компаниянын өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов кечээ Түркиянын Соода-өнөр жай палаталары жана биржалар биримдигинин президенти Рифат Хисаржыклыоглу менен жолугушууда белгилүү болгон.

Рифат Хисаржыклыоглу иш-чараны даярдоодо эки тарап тең жакшы иштегенин жана  түрк ишкерлери да бизнес-форумга катышууга кызыгып жатканын белгилеп, форум өтө жогорку деңгээлде өтөрүн кошумчалаган.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки тарап август айында Ысык-Көл облусунда кыргыз-түрк бизнес өкүлдөрүнүн, ошондой эле түрк мамлекеттеринин ишкерлеринин катышуусунда ири бизнес-форум өткөрүүнү чечишти.

Иш-чаранын негизги багыттарынын бири – Анкара шаарында өткөн жолугушуулардын негизинде келишимдерге кол коюу, маселелерди талкуулоо жана андан ары өнүгүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле Кыргызстанга инвестицияларды тартуу болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM