Биз менен байланышыңыз

Кошоев: BIF Орто Азиянын Давосу болот деген ишенимдебиз

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Окт 2019 | 925 | 0

«Bishkek Investment Forum» бизнес-форуму Орто Азия боюнча масштабдуу иш-чара болду. Аны чет өлкөлүк ишкерлер да айтып жатат. Бул тууралуу «Grand Trade Bishkek» ишканасынын негиздөөчүсү Максат Кошоев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, BIF’тин деңгээли жыл сайын көтөрүлүп жатат.

«BIF Орто Азиянын DAVOS’у болот деген ишенимдебиз. Форумдун талкуулары абдан кызыктуу болду, катышуучулардан жакшы пикирлер айтылды. Кеп инвестиция тартууда гана эмес. BIF ишкерди ар тараптуу өнүктүрүү багытында жаңылыктар менен тааныштырып, жетишпеген жактарын көрүүгө да шарт түздү. Форумда каржылык институттар ар бир долбоорду карап, жазып отурду. Анализдеген соң долбоорду бааласа, инвестор ишкерге өзү барат», — дейт Кошоев.

Эске салсак, 11-октябарда Бишкекте «Bishkek Investment Forum» бизнес-форуму өткөн. Иш-чарага Казакстандан, Өзбекстандан жана Чехиядан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан ишкерлер келишкен. Ошондой эле, элчиликтер, эл аралык уюмдар, мамлекеттик органдар, ассоциациялар катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM