Биз менен байланышыңыз

Молмуев: BIF ишкерлерге чоң пайда алып келет

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Окт 2019 | 609 | 0

«Накта курут» ишканасынын башчысы Кылычбек Молмуев «Марал» радиосуна берген маегинде «Bishkek Investment Forum» бизнес-форумунда тажрыйбалуу ишкерлердин сунуштарын угуп, көп жаңылыктар менен таанышканын билдирди.

Анын айтымында, бизнес-форумдар ишкерлерге чоң пайда алып келет. Анткени, мындай иш-чараларда жаңы чечимдер сунушталып жатат.

«Биз да долбоорду сунуштадык, көп ишкерлер кызыкты. Орто Азияда элдин курутка талабы көп. Бирок базарда сапаттуу курут жок экенин билип, дүйнөлүк аренага чыгаралы дедик. Кыргыз эли көчмөн болгондуктан жаңы нерселерди бат өздөштүрүп, өндүрөбүз. Биз да курутту дүйнөгө таркаталы деп ойлоп жатабыз. Курутту «Coca-Cola» суусундугу менен чогуу жесе, жаңы даам пайда болот», — дейт Молмуев.

Белгилей кетсек, 2016-жылдан бери иштеп келе жаткан «Накта курут» ишканасы айына 3 тоннага жакын курут чыгарат.

Эске салсак, 11-октябрда Бишкекте «Bishkek Investment Forum» бизнес-форуму өткөн. Иш-чарага Казакстандан, Өзбекстандан жана Чехиядан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан ишкерлер келишкен. Ошондой эле, элчиликтер, эл аралык уюмдар, мамлекеттик органдар, ассоциациялар катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM