Биз менен байланышыңыз

Кубанычбеков: Ишкерлер бизнес-форумдарга активдүү катышып турушу зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Окт 2019 | 599 | 0

11-октябрда өткөн «Bishkek Investment Forum» бизнес-форумуна аймактардан 350 ишкер катышты. Алардын арасында ири ишкерлер менен таанышуу максатында келгендер көп. Бул тууралуу ишкер Айдар Кубанычбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, BIF’ти Орто Азиядагы DAVOS’ко айлантуу ниети бар. Мындан улам жыл сайын форумдун катышуучуларынын, келген долбоорлордун саны өсүүдө.

Ишкерлер бизнес-форумдарга активдүү катышып турушу зарыл. Анткени, изденген адам идеяны да, инновацияны да, инвестицияны да табат. Адам жаңыланып турушу кажет.

BIF: Тандалган 7 долбоор

Кубанычбеков мындан сырткары 10-октябрда өткөн «EXPO International Trade and Franchise» иш-чарасына 50дөн ашык ири ишкана, чоң корпорациялар катышканын айтып, бренд компаниялардын Кыргызстандагы иш-чарага катышуусу мамлекетке инвестиция тартууга, ишкерлердин бири-бири менен пикир алышуусуна жакшы өбөлгө түзөрүн белгиледи.

«Өкмөттүн аймактан келген ишкерлер, чет элдик инвесторлор катышкан форумга келиши — мындай иш-чараларга мамлекет да кызыкдар экенинин белгиси. Бирок бийлик өкүлдөрү форумдун аягына чейин катышса болмок. Анткени, аймактан келген ишкерлер мамлекеттик органдардын кеңешине муктаж. Аймактагы көйгөйлөрдү айтуу максатында келген ишкерлер да болот», — дейт Кубанычбеков.

Ал кошумчалагандай, аймактан келген ишкерлер өздөрүн жаңылап жатканын айтышкан.

Copyright © 2017 Maral FM