Биз менен байланышыңыз

BIF: Тандалган 7 долбоор

Экономика | 11 Окт 2019 | 1521 | 0

11-октябрда 2000ге жакын ишкер катышкан Бишкек инвестициялык форуму өттү. Анда Кыргызстандын ар тарабынан келген ишкерлер чет элдик конокторго өздөрүнүн компаниялары тууралуу кенен маалымат беришип, инвесторлорду тартуу максатында таанытым жасашты. Белгилей кетсек, жалпысынан 700дөн ашуун долбоор сунушталып, атайын комиссия алардын ичинен жетөөсүн тандап алган.  

25 жаштагы Алмаз Тураров «Тез там» компаниясын жетектейт. Ишкананын өзгөчөлүгү: турак үйдү эки жумада курат. 2,5 жыл аралыгында 80ден ашуун үй салып беришкен. Компания учурда мындан ары да өнүгүшү үчүн жалпы 99 млн долларга муктаж.

— Ар бир адамга үй керек. Бирок аны курууга убакыт жана каражат зарыл. Мекендештердин көбү аз акчага тез бүтө турган үйлүү болууну кыялданышат. Айрымдарында үй салганды кой, участок алууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Айрымдары үйүн жылдап салып убара. Мындан улам биздин ишкана үй салууну жеңилдетүү максатында даяр сөлөкөтүн (каркас) иштеп чыгууну туура көрдүк. Бул аракет менен өлкөнүн курулушунун сапатын жакшыртып, убакытты, аны менен кошо каражатты да үнөмдөп калууну көздөдүк. Бизге кайрылсаңыз, үйүңүздү эки жумада бүтүрүп беребиз. 

Ден соолукка залалдуу азыктарга каршыбыз. Мындай пикирди «Накта курут» ишканасынын башчысы Кылычбек Молмуев билдирди. Ал улуттук өндүрүмдү дүйнөнүн булуң-бурчуна алып чыгууга куштар. Бүгүнкү күндө аталган компания күнүнө 150 кг курут сатат. Коңшу Казакстанга да экспорттойт. Ишкана 2016-жылдан бери иш жүргүзүп келет.

— Курут — ата-бабаларыбыздан калган азык. Эми аны дүйнөлүк рынокко чыгарышыбыз керек. Американын, жалпы Европанын кулинариясында же күнүмдүк тамактануусунда сыр абдан көп колдонулат. Эмне үчүн курутту да ушундай деңгээлге чыгара албайбыз? Биз учурда Казакстанга экпорттоп жатабыз. Негизи бул азыкты башка жакка жөнөтүү ыңгайлуу жана арзан түшөт. Казакстанга эле эмес, башка жакка да экспорттоп, ишкананын кирешесин кеңейтүү зарыл. Ал үчүн бизге каражат керек. Эч кандай кошулмасыз, табигый курутту экспортко чыгарсак, башка өлкөлөрдөн да суроо-талап күчтүү болоруна ишенебиз.

Ал эми Нарын шаарынын Миң-Булак айылынан келген Бурулуш Жаманбаева жүндөн кийим-кечек, буюм-тайым токуган ишкананы жетектейт. «Уз-Нур-Айым» аттуу бул чакан ишканада 12 адам эмгектенет. Жаманбаева ишканасын жаңы технологиялар менен жабдып, иш орундарын көбүрөөк түзүүнү, аны менен бирге киреше булагын да өстүрүүнү кыялданат. Бүгүнкү форумга да ушул максатта келген.

— Биздин чакан ишкана 2017-жылдан бери иш алып барып келет. Учурда 12 жумушчу бар. Биздин башкалардан өзгөчөлүгүбүз, өндүрүмдөрүбүздү табигый жүндөн токуйбуз. Ден соолукка эч кандай зыяны жок, тескерисинче, пайдалуу. Товарларыбыз бүгүнкү күндө Америкага, Японияга экспорттолууда. Бирок биз бир нерседен аксайбыз. Жүндү колго жуугандыктан, кышкысын иштөөгө мүмкүнчүлүк жок. Жайы-кышы үзгүлтүксүз иштөө үчүн атайын аппарат керек болууда. Келечекте ишканабызды кеңейтип, 25 адамды жумуш менен камсыздасак деген тилектер бар. Ан үчүн жер тилкеси да керек болот экен. 

«Инвесторлор өзүлөрү түшүнгөн гана бизнеске каражат жумшоосу керек», — дейт «Tredstone Capital Partners» ишканасынын жетекчиси Умбриэль Темиралиев. Ал инвесторлорго долбоорлорун тааныштырган компаниялардын акыбалы менен таанышып, алардын эмне өндүрөрүнө маани берүү керектигин сунуштады. Ошондой эле соода-сатыкта чынчылдык сапат башкы орунда экенин белгиледи.

-Биз долбоорлорун коомго сунуштоо үчүн 50дөй компанияга мүмкүнчүлүк бердик. Алардын арасынан 10 компания инвестор тапты. Негизи инвесторлор кайсы маселеге басым жасашы керек? Менин оюмча, адам өзү түшүнгөн жана билген ишке инвесторлук кылса, акыбети кайтат. Тушүнбөй туруп баштаган иш оңунан чыкпай калат. Бизнесте дароо киреше киргизүү кыйын. Форумга үч жыл катары менен катышып, долбоор сунуштап, киреше таап баштаса — бул, жакшы кадам. Андан аркы багыт башка адамдар менен тажрыйба алмашуу аркылуу кете берет.

Иш-чарада 700 долбоордун ичинен тандалып алынган 7 долбоор төмөнкүлөр болду:

  1. «ТФС консалтинг» каржы компаниясы;
  2. «Тез Там» курулуш компаниясы;
  3. «Уз-Нур-Айым» жүндөн өндүрүм токуу ишканасы;
  4. «Проф-Трейдинг» даарат кагаз компаниясы;
  5. «Накта Курут» сүт азыктары компаниясы;
  6. «Эльком Трейд» сатуу-тейлөө агенттиги;
  7. «Olive Hotel» мейманканасы;

Азырынча 7 долбоордун кайсынысы инвестор тапканы белгилүү боло элек.

Copyright © 2017 Maral FM