Биз менен байланышыңыз

«Жылуулук тартуула» акциясынын алкагында 550 кап көмүр таратылды

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Ноя 2020 | 730 | 0

Муктаж жарандарга «Жылуулук тартуула» акциясынын алкагында 550 кап көмүр таратылды. Бул тууралуу «Элим, барсыңбы?!» коомдук кайрымдуулук фондунун төрагасы Айдар Кубанычбеков Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Акциянын негизинде өткөн аптада «Кэмбридж» мектебинин 11-классынын окуучулары жана ата-энелеринин колдоосу менен 24 үй-бүлөгө 350 кап көмүр берилди.

Ал эми фондго түшкөн каражаттын эсебинен 200 кап кара алтын таратылды. Айдар Кубанычбековдун айтымында, бул акция жазга чейин уланат.

«Ишкерлер 10-15 каптан көмүр сатып берип жатат. Кайрымдуулук бир гана кара алтын берүү менен чектелбейт. Демөөрчүнүн жардамы менен Бишкектеги №71 мектеп-интернаты үчүн 30 балага кышкы бут кийим алып беребиз. Кайрымдуулукту өзүңүздөр баштасаңыздар да болот. Бизге кайрылсаңыздар муктаж үй-бүлөлөрдүн даректерин беребиз», — дейт Кубанычбеков.

«Элим, барсыңбы?!» коомдук кайрымдуулук фонду бир нече жылдан бери аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү максатында «Жылуулук тартуула» акциясын уюштуруп келет.

Copyright © 2017 Maral FM