Connect with us

«7 миң сом маяна алып, анын 1 миң сомун кайрымдуулукка бергендер бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Ноя 2020 | 1826 | 0

7 миң сом маяна алып, анын 1 миң сомун кайрымдуулукка бергендер бар. Бул тууралуу «Элим, барсыңбы?!» коомдук кайрымдуулук фондунун төрагасы Айдар Кубанычбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Такси айдап иштеп, бир күндүк тапкан кирешесин кайрымдуулукка беришет. Тапканынан бөлүшүү ар бир жарандын колунан келе бербейт. Айтайын дегеним, кайрымдуулук ар дайым акча менен болбойт. Дарыгер туура диагноз койсо, эң чоң кайрымдуулук кылган болуп саналат. Кесипке үйрөтүү менен да кайрымдуулук кылууга болот», — дейт Кубанычбеков.

Анын айтымында, кайрымдуулук иштерине активдүү катышып келаткан ишкерлер, шоу-бизнес, маданият өкүлдөрү, ал тургай карапайым адамдар да арбын.

Copyright © 2017 Maral FM