Биз менен байланышыңыз

Алишер Усманов британиялык ишкерлердин арасынан «эң кайрымдуусу» деп аталды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 мая 2021 | 1276 | 0

«USM Holdings» компаниясынын негиздөөчүсү, Орусиялык өзбек тектүү миллиардер Алишер Усманов «The Sunday Times» журналы тарабынан түзүлгөн рейтингде британиялык кайрымдуу ишкерлердин арасынан COVID-19га каршы күрөштө эң көп жардам бергендеридин арасынан биринчи орунду ээлеген. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы Алишер Усманов Орусия, Өзбекстан жана Италияга COVID-19 менен күрөшүү үчүн 190,6 миллион доллар бөлгөн. Басылма анын айкөлдүгүнөн Орусия менен Өзбекстан көбүрөөк жакшылык көрүшкөнүн, бирок башка өлкөлөрдөгү жардамдары дагы колдоого алынганын белгилейт.

Журнал ошондой эле Усманов жеке өзү жана анын компаниялары акыркы жылы дүйнөнүн бир канча өлкөлөрүндө 710 миллион доллар жардам бергенин жазат. Акыркы 20 жылда ишкер кайрымдуулук үчүн дээрлик 6 миллиард доллар сарптаган. «Sunday Times» Усмановду ушул убакыттагы «эң берешен, эң кайрымдуу адам» деп атаган.

«Forbes» бизнес-экономикалык журналы Орусиядагы байлардын рейтингин жарыялап, анда Орусия байларынын ондук рейтингинде Алишер Усманов 7-орунду ээлегенин жазган.

Өткөн жылы меценат 1892-жылга таандык Олимпиада манифестин сатып алууга 8,8 миллион доллар сарптап, кийин Швейцариядагы Олимпиада музейине өткөрүп берген.

Акыркы бир жыл ичинде Улуу Британияда миллиардерлердин саны 24 адамга көбөйүп, 171ге жетти. Алардын жалпы байлыгы 848 миллиард долларды түзөт.

«Sunday Times Giving List» — эң бай британиялыктардын жылдык рейтингинин тиркемеси болуп саналат. Рейтингде Британиянын жарандары гана эмес, ал жакта иштеген, олуттуу мүлкү бар же башка өлкө менен «бекем байланышта» жүргөндөр дагы эске алынган.

Өзбекстан: Миллиардер Усманов коронавирус менен күрөшүүгө 20 млн доллар бөлдү

Copyright © 2017 Maral FM