Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: Миллиардер Усманов коронавирус менен күрөшүүгө 20 млн доллар бөлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Апр 2020 | 1336 | 0

Өзбек улутундагы Орусиялык миллиардер Алишер Усманов Өзбекстанда коронавирус менен күрөшүүгө 20 миллион доллар бөлдү. Бул тууралуу «Өзбекстан 24» телеканалы маалымдады.

Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражат Ташкент облусунун Зангиата районунда коронавирус менен ооругандар үчүн курулуп жаткан ооруканага жабдууларды алууга жумшалат.

Каражат коронавируска каршы күрөшүү боюнча өкмөткө каржылык жардам көрсөтүү максатында түзүлгөн Өзбекстандын кайрымдуулук фондуна өткөрүлүп берилген.

Белгиленгендей, акча керектүү медициналык жабдууларды сатып алууга республиканын Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилген.

31-мартка карата Өзбекстанда коронавирусун жуктурган 172 учур катталып, эки адам көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM