Биз менен байланышыңыз

Британ Өкмөтүнүн коронавируска каршы күрөшү жөнүндө сериал тартылат

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Янв 2021 | 949 | 0

«Sky» компаниясы Борис Жонсон башында турган Улуу Британия Өкмөтүнүн коронавирус кризисине каршы аракетин чагылдырган 5 сериялуу тасма тартат. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.

Майкл Винтерботтом режиссерлук кылган сериалда Жонсондун ролун белгилүү актер, режиссер, продюсер Кеннет Брана аткарат.

«Коронавирустун биринчи толкуну түбөлүк эсте калат. Бул көзгө көрүнбөгөн душманга каршы өлкө жарандары жапырт биригип турган учуру. Бул — адамдарга коомдун маанилүүлүгүн өтө терең түшүндүрдү», — деди Винтерботтом.

Ал белгилегендей, сериалда көптөгөн турмуштук окуялар да камтылат.

«Борис Жонсондон баштап, өлкөнүн бардык булуң-бурчундагы карапайым жумушчуларга чейин, дарыгерлердин, илимпоздордун, карылар үйүнүн жана саясатчылардын бизди вирустан сактап калуу үчүн жасаган аракеттери тасмага камтылат», — деп кошумчалады сериалдын режиссёру.

Сериал 2022-жылдын күзүндө «Sky» каналында көрсөтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM