Биз менен байланышыңыз

Улуу Британияда жаңы чектөөлөр киргизилди

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Дек 2020 | 570 | 0

Британиянын премьер-министри Борис Джонсон коронавирустун жайылышына байланыштуу Лондондо жана Улуу Британиянын түштүк-чыгышында жана чыгышында төртүнчү даражадагы чектөөлөр киргизилгенин жарыялады.

Ага ылайык, аталган аймактын жашоочулары аймактан чыкпай, мүмкүн болсо үйдө иштеп, байланышты чектеши керек.

Азык-түлүк дүкөндөрүнөн башкасы жабык болот.

Чектөөлөр 30-декабрга чейин созулат.

Эске салсак, 8-декабрда Улуу Британияда коронавируска каршы дүйнөдөгү биринчи массалык эмдөө башталды. Британ өкмөтү «Pfizer» жана «BioNTech» биргелешип чыгарган вакцинаны колдонууда.

Copyright © 2017 Maral FM