Биз менен байланышыңыз

Британ премьери Жонсон реанимацияга которулду

Кыска кабар | 7 Апр 2020 | 718 | 0

Коронавирусту жуктуруп алган Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун абалы бир күндө начарлап, реанимацияга которулду. Бул тууралуу РБК агенттиги жазып чыкты.

Буга байланыштуу Британ өкмөтүн убактылуу тышкы иштер министри Доминик Рааб жетектемекчи.

Борис Жонсон ооруканага коронавирустун белгилери байкалып жаткырылган эле. Жонсонду госпитализациялоо анда коронавирустун белгилери байкалгандан кийин жүргүзүлгөн. Он күн мурда британ өкмөт башчысында коронавирус аныкталган.

Британ премьеринин ооруканага жатып калышынын фонунда долларга карата фунт стерлинг 0,35 пайызга арзандап кеткен. 1 фунт стерлинг учурда 1,2228 долларды түзсө, еврого карата бир фунт стерлинг 1,295ти түздү.

Copyright © 2017 Maral FM