Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан айыккан Британ өкмөт башчысы эртең жумушка чыгат

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Апр 2020 | 471 | 0

COVID-19 илдетинен айыккан Британиянын премьер-министри Борис Жонсон дүйшөмбүдөн тарта жумушка чыгары маалым болду.

52 жаштагы өкмөт башчы коронавирус жугузуп алганы 27-мартта белгилүү болгон. Жонсон 2 жумадай кичи мекенинде дарыланды. 6-апрелде ал Лондондогу оорукага жаткырылып, эртеси күнү реанимацияга которулуп, дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. 9-апрелде реанимация бөлүмүнөн кайра кадимки палатага которулуп, үч күндөн кийин ооруканадан чыккан.

Cоюздаштары Жонсон дагы деле 3 түн реанимацияда жаткан азаптуу оорунун запкысын тартып жатканын эскертишүүдө.

Маалыматтарга караганда, британ өкмөт башчысы ишин толук эмес жумуш күнүнөн баштамакчы. Мурдагыдай 14 сааттан иштеш үчүн ага бир аз убакыт керектелет.

Британияда абал дагы деле курч. 26-апрелге карата коронавирус жуктургандар 150 миңди чамалап, 20 миңден ашыгы көз жумду. Өлкөнүн ички иштер министри Прити Пател адамдарды обочолонуу режимин сактоого чакырууда.

Copyright © 2017 Maral FM