Биз менен байланышыңыз

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон уулдуу болду

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Апр 2020 | 1014 | 0

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун жубайы Кэрри Симондс бүгүн Лондондогу ооруканада уул төрөдү. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазды.

Премьер-министрдин аппаратынын өкүлүнүн айтымында, эне менен бала өзүн жакшы сезишүүдө.

Жонсон коронавирустан айыгып, дүйшөмбү күнү жумушка чыккан. Анын айтымында, анын өмүрү коркунучта болгон. Симондс да ооруну жуктуруп, бирок тез эле айыгып кеткен.

Кэрри Симондс Борис Джонсондон 24 жашка кичүү. Джонсон буга чейин Марина Вилерге үйлөнүп, 2018-жылы ажырашышкан. Алардын төрт баласы бар.

Copyright © 2017 Maral FM