Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө 34 жакыр өлкөнүн 3,2 млн тургуну вирустан каза болушу ыктымал

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Апр 2020 | 1017 | 1

Дүйнө жүзүнүн 34 жакыр өлкөсүнүн 3,2 млн тургуну COVID-19 коронавирусунун пандемиясынан каза болушу ыктымал, ал эми бул өлкөлөрдө илдетти жуктургандардын жалпы саны бир миллиардга чейин жетиши мүмкүн. Мындай божомолду International Rescue Committee эл аралык гуманитардык уюму чыгарды.

Азыркы учурда көп өлкөлөрдө COVID-19 илдетинен же башка оорусу барлар каза болуп жатышабы деген суроолор көп берилип жатат. Гамбург Университетинин клиникасынын алдындагы сотмедэкспертиза институтунун директору, профессор Клаус Пюшель, 22-марттан 11-апрелге чейин COVID-19 диагнозу менен ооруп көз жумган 65 адамдын өлүгүн изилдеген. Бардыгы бул оорудан тышкары башка дарттардан да жабыр тартышкан. Ошентип, 46 адам жашоосунда өпкө ооруларына чалдыккан, 28 бейтаптын башка ички органдары ооруп, же органдары алмаштырылган, 10 адам диабет же семирүү менен ооруган, 10 адамда – рак илдети, 16 адамда – кем акылдык(деменция) бар болуп чыккан. Демек, вируска олуттуу мамиле кылыш керек, бирок дүрбөлөң салбоо маанилүү.

Испаниянын Саламаттык сактоо министрлиги серологиялык изилдөөсн баштады. Бул расмий маалыматтар менен өлкөдө SARS-CoV-2 вирусунун реалдуу жайылышынын айырмачылыгын анализдөө жана өкмөткө чектөөлөрдү жумшартуу боюнча чараларды мыкты пландоого өбөлгө түзүү максатында жасалууда. Изилдөөнүн алкагында 36 миӊге чукул үй-бүлө – болжол менен 90 миӊ адам – коронавирустун бар-жогуна текшерилет.

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон азыр өлкөдө карантиндик чектөөлөрдү жумшартуу мезгили эмес экенин билдирип: “Адамдар карантинден чыгууну каалап жатканын түшүнүп турам, бирок коронавирустун экинчи толкунунун тобокелчилиги бар экенин моюнубузга алышыбыз керек”, — деди.

Copyright © 2017 Maral FM