Биз менен байланышыңыз

Британияда жасалма вакцина сатылууда

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Янв 2021 | 1020 | 0

Лондон полициясы жасалма коронавирус вакцинасын саткан адамды издеп жатат. Аны кармоо үчүн жергиликтүү тургундардан жардам сурады.

«Жасалма вакцина саткан адамды кармоо үчүн жергиликтүү тургундарды жардам берүүгө чакырабыз», — деп айтылат полициянын билдирүүсүндө.

«BBC» шылуундардан жабыр тарткандардын арасында 92 жаштагы кемпир бар экенин кабарлады.

Өзүн Улуттук саламаттыкты сактоо кызматынын мүчөсүмүн деп тааныштырган белгисиз эркек кемпирди «эмдегени үчүн» 160 фунт стерлинг алган.

Вакцина алдамчылар тарабынан жасалганы аныкталгандан кийин кемпир жергиликтүү ооруканадан текшерүүдөн өткөн. Бактыга жараша эч кандай терс белгилер байкалган эмес.

Ушул сыяктуу алдамчылык фактылары өлкөнүн башка аймактарында дагы катталганы аныкталды.

Copyright © 2017 Maral FM