Биз менен байланышыңыз

Кытай Кыргызстанга COVID-19га каршы акысыз вакцина берет

Кыска кабар | 6 Фев 2021 | 894 | 0

Кытай биринчилерден болуп Кыргызстанга COVID-19га каршы акысыз вакцина берет. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь кечээ, 5-февралда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанга вакциналарды жеткирүү боюнча техникалык маселелер тараптардын ортосунда жакынкы убакытта кошумча макулдашылат.

Казакбаев өз кезегинде вакцина түрүндө көрсөтүлүп жаткан жардам үчүн Кытайдын Өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча кеңири пикир алмашылды.

Ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM