Биз менен байланышыңыз

Нидерланды Британия менен болгон байланышка чектөө киргизди

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Дек 2020 | 686 | 0

Нидерланды өкмөтү Улуу Британияда коронавирустун эң тез жайылган жаңы түрү пайда болгонуна байланыштуу 20-декабрдан 1-январга чейин эки өлкө ортосундагы байланышка чектөө киргизди.

«Daily Express» маалымдагандай, Британияда аныкталган вирустун бул түрү менен ооругандар Нидерландыда да катталган. Мындан улам Улуттук саламаттыкты сактоо институту вирустун өлкөгө кирүү коркунучун азайтууну сунуштаган.

«Нидерландыдагы декабрь айында алынган үлгүлөр Британияда байкалган түрү экени аныкталды. Нидерланды өкмөтү бул окуя Британиянын акыркы кабарларына байланыштуу дагы да иликтенип жатканын билдирди», — деп айтылат маалыматта.

19-декабрда Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон өлкөдө коронавирустун жаңы түрү аныкталганын жарыялаган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, ал вирустун баштапкы версиясынан 70% көбүрөөк жугуштуу. Ошондуктан Лондондо жана Англиянын түштүк-чыгышында 20-декабрдан баштап коронавируска каршы чаралар күчөтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM