Биз менен байланышыңыз

БУУ балдар үчүн жашоого эң мыкты өлкөлөрдү атады 

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Сен 2020 | 522 | 0

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, балдардын бакубаттуулугу боюнча өлкөлөрдүн рейтингинде биринчи орунда Нидерландия, экинчи жана үчүнчү орунда Дания менен Норвегия турат.

Эксперттер дүйнөнүн 41 өлкөсүндөгү балдар арасындагы психикалык жана физикалык ден-соолук, академиялык даярдык жана социалдык көндүмдөрдүн көрсөткүчтөрүн салыштырып көрүштү.

Изилдөөнүн маалыматтарын талдап чыккандан кийин, адистер Нидерландыда балдар өзүн эң жакшы сезишет деген тыянакка келишти.

Фонд түзгөн жалпы рейтингдеги экинчи жана үчүнчү орундарды Дания менен Норвегия ээлесе, төртүнчү жана бешинчи орунду Швейцария менен Финляндия ээлейт. Бул тууралуу РИА Новости жазат.

Нидерландия мындан сырткары балдар өз жашоосуна эң көп канааттанган өлкөлөрдүн тизмесинде биринчи орунду ээлейт. Мындай балдардын бул өлкөдөгү үлүшү 93% түзөт.

Балдардын жашоосунан канааттануунун жогорку деңгээли Мексикада (86%), Румынияда (85%), Финляндияда (84%), Хорватияда (82%), Швейцарияда (82%), Испанияда (82%) жана Литвада (82%) катталган.

Copyright © 2017 Maral FM