Биз менен байланышыңыз

Өлкөгө психотроптук заттарды ташыгандар аныкталып, кармалды

Кыска кабар | 13 Мар 2020 | 620 | 0

Ички иштер министрлигинин баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы Кыргызстанга акылдан адаштыруучу (психотроптук) заттарды ташыган эл аралык аткезчилик каналды тапты. Бул тууралуу кабар аталган мекеменин facebook баракчасына жарыяланды.

Мекеме кызматкерлеринин атайын жүргүзгөн операциясында 4-мартта Бишкек шаарында С.А. аттуу жаран кармалган. Анын жанынан 1000 даана акылдан адаштыруучу таблетка (MDMA) табылган. Колго түшкөн заттардын орточо баасы 50 миң долларды түзөт.

Мындай мыйзамсыз иштер менен шугулданандар Нидерланды өлкөсүнөн Түркия аркылуу Кыргызстанга психотроптук каражаттарды ташып турган.

Бул факты сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Бул кылмыш ишине тиешеси бар башка тараптарды да аныктоо боюнча атайын-тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM