Биз менен байланышыңыз

Нидерланды 316 аялдаманы аары аянтка айлантты

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Июл 2019 | 574 | 0

Статистикага ылайык, Нидерландыда аарынын 358 түрү бар. Бирок бул эсеп жыл сайын азайып баратканы айтылат. Бал аарыларды сактоо жана көбөйтүү максатында Нидерландия бийлиги өзгөчө амал ойлоп тапты.

Шаардык Кеңеш кадимки аялдамаларды маанилүү жана пайдалуу жайга айландырууну максат кылышкан. Учурда Нидерландынын Утрехт шаарында 300дөн ашык аялдама бар. Алардын үстүнө түрдүү өсүмдүктөр өстүрүлүп баштаган. Мындай жаңы дизайн шаарды кооздоо менен эле чектелбестен, абаны тазартып, ошол эле учурда, бал аары жана башка аарылардын түрлөрүнүн көбөйүшүнө шарт түзөт.

«Жашыл чатыр – шаар жашоочуларынын ден соолугуна кам көрүүнүн жана жашоосун жеңилдетүүнүн бир ыкмасы. Алар суу ташкындарынын алдын алууга жардам берет, абадагы майда чаңчаларды жок кылат жана адамдарды аптапка кабылуудан коргойт», — деп жазат шаар башкармалыгынын расмий сайты.

Ушул жылдын аягына чейин Утрехт шаарында 55 жаңы электроавтобус ишке кирет. Алар электр энергиясын шамалдан алары айтылган. Ал эми шаар башкармалыгы 2028-жылга чейин жалпы коомдук транспортторду экологиялык түргө өткөрүү маселесин карап жатат.

Андан тышкары, бийлик жергиликтүү тургундарга да үйлөрдүн чатырына гүлдөрдү өстүрүп, жашылдандырууга кызыктырып, ал үчүн атайын каражат бөлөрүн билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM