Биз менен байланышыңыз

Дания жасалма аралдарды курат

Дүйнө , Кыска кабар | 22 мая 2020 | 611 | 0

Дания эки чоң жасалма аралды жана аларга шамал чарбаларын курууну пландаштырууда. Бул тууралуу Handelsblatt билдирди.

Ага ылайык, аралдар Түндүк жана Балтика деңиздеринде курулат. Өкмөттүн планына ылайык, долбоор жеке инвесторлор тарабынан каржыланат.

-Эгерде мамлекет аралдардын курулушуна өз салымын кошсо, анда анын үлүшү өтө аз болот, — деп жазат Reuters.

Маалыматка ылайык, аралдардын ар бири эки гигаватт электр энергиясын өндүрөт. Бул Даниянын бардык үй чарбалары керектеген электр энергиясынын көлөмүнөн көп. Өкмөт ашыкча энергия Европанын башка өлкөлөрүнө экспорттолорун билдирди.

Дания парник газдарынын чыгарылышын 1990-жылдын деңгээлине салыштырганда 2030-жылга чейин 70 пайызга кыскартууну көздөйт. Копенгаген жашыл технологияны өнүктүрүүгө көп каражат жумшоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM