Биз менен байланышыңыз

Орусияда даниялык «Жакаба» күбөсү камалды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 820 | 0

Орусияда 2017-жылдын май айында «терроризм» беренеси менен кармалган даниялык Деннис Кристенсен алты жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Кристенсендин ишин караган Орёл шаарынын Железнедорожный соту аны өлкөдө тыюу салынганын биле туруп «Жакаба кубөлөрү» сектасынын өкүлдөрү менен жолугуп, диний иш чараларды уюштурган деп айыптады.

Соттолуучу Деннис Крестинин сот залынан чыгып баратып Орусиядагы дин тутуу эркиндиги сакталарына үмүт кыларын билдирди.

Бирок анын жактоочулары соттун өкүмүнө нааразы болуп, кийинки инстанцияга кайрыларын кабарлашты.

Мыйзам боюнча убактылуу жайдагы бир күн бир жарым күнгө эсептелгендиктен анын дагы 3,5 жылы калат.

Эске салсак, «Жакаба күбөлөрү» сектасы Орусияда экстремисттик деп сыпатталып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Бул мыйзам күчүнө киргенден бери бул берене боюнча алгачкы ирет кылмыш иши аяктады.

Copyright © 2017 Maral FM