Биз менен байланышыңыз

Дания: Сутка ичинде 100 адам коронавируска кабылды  

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Мар 2020 | 647 | 0

Данияда бир сутка ичинде 100 адам коронавируска кабылды. Өлкөдө аталган илдетке кабылгандардын саны 615ке жеткенин Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

3 миңге жакын адам кан тапшырып, коронавирус боюнча текшерүүдөн өткөн. Шаршемби күнү Дания бийлиги илдет таркашына жол бербөө үчүн тийиштүү карантиндик иш-чараларды күчөтүүнү тапшырган.

Ага ылайык, 14 күн бою бардык мектептер жана жогорку окуу жайлар жабылып, жүздөн  ашуун адам катышуучу коомдук иш-чаралар токтотулду. Мамлекеттик кызматкерлер ишке барбайт.

Мындан сырткары, Даниянын Финансы министрлиги коронавирустан улам чыгым тарткан компанияларга салык төлөөдө «эс алуу» жарыялады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM