Биз менен байланышыңыз

АКШ жардыруучу учактарын жана аскерлерин Норвегияга окутууга жөнөтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Фев 2021 | 723 | 0

АКШ жардыруучу учактарын жана 200 аскер кызматкерин окутуу үчүн Норвегияга жөнөтөт. Бул тууралуу Voice of America маалымат уюму кабарлады.

Окутуунун так мөөнөтү айтылган эмес. Анда жардыруучу учактын B-1 үлгүсүндө экендиги айтылган.

НАТОго мүчө болгон Норвегия Орусия менен чектешет.

-Ыкчам даярдык жана биздин өнөктөштөрдү колдоо жөндөмүбүз, ыкчам чара көрүү  жалпыбыздын ийгилибиз үчүн маанилүү болуп саналат. Норвегия менен болгон бекем өнөктөштүк мамилени баалайбыз жана коргонуу тармагындагы келечектеги кызматташууну да чыдамсыздык менен күтөбүз,-деп АКШнын Европадагы аба-аскердик кызматынын башчысы Джефф Харригиан билдирди.

Defense News аскердик гезитинин айтымында, B-1 Lancer катардагы эле жардыруучу учак болуп саналат, өзөктүк потенциалы 1990-жылдарда эле жок болгон деп айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM