Биз менен байланышыңыз

Британияда вакцина сыноосуна катышам дегендерге атайылап коронавирус жуктурулат

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Сен 2020 | 830 | 0

Британияда коронавируска каршы вакцина сыноолоруна катышууну каалагандарга атайылап вирус жуктурулат. Бул тууралуу Financial Times агенттиги маалымдады.

Алгач каалоочуларга коронавируска каршы вакцина берилип, бир айдан кийин коронавирус инфекциясын чакыруучу өлчөмдөгү вирус сайылат. Бул изилдөөлөр 2021-жылдын январь айында Лондондогу коопсуз карантиндик аймакта башталары айтылды. Учурда бул сыноого катышуу ниетин 2 миңге жакын киши билдирген.

Бул тесттик изилдөө вакцинанын эффективдүүлүгүн аныктоо үчүн дени сак ыктыярчыларга атайын коронавирус жуктурган сыноо болмокчу.

Учурда Британияда вакцинаны иштеп чыгуу боюнча 2 илимий борбор иштеп жатат. Оксфорд университетинин окумуштуулары вакцина сентябрда, Imperial College окумуштуулары болсо 2021-жылдын жаз айына чейин даяр болушу мүмкүндүгүн айтууда.



Copyright © 2017 Maral FM