Биз менен байланышыңыз

“Элим барсыңбы” фонду менен маданият кызматкерлери 1976 үй-бүлөгө азык-түлүк таратты

Кыска кабар | 18 Апр 2020 | 774 | 0

“Элим барсыңбы” коомдук кайрымдуулук фонду өлкөнүн маданият чөйрөсүндөгү белгилүү ырчы-бийчи, алып баруучулар менен бирге “Барбыз” кайрымдуулук акциясын өткөрүп жатышат. Акциянын алкагында Бишкек шаарында аз камсыз болгон 1 976 үй-бүлөгө азык-түлүк салынган баштыкчалар таратылды.

Бул тууралуу аталган уюмдун директору Айдар Кубанычбеков “Маралга” билдирди. Ал ар тараптан жардам берип, кайрымдуулук кылып жаткан инсандардын баарына ыраазычылык билдирди.

Мындай абалды биргеликте жеңебиз. Өнөктөштүк кылган бардык тараптарга ыраазычылык билдиребиз. Кыйын кырдаалда жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн жүрөгүн жылытканга себепкер болууга чакырам, — дейт ал.

Айдар Кубанычбеков акция уланарын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM