Биз менен байланышыңыз

Кубанычбеков: Жардамга муктаж адамдар көбөйүүдө

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Ноя 2020 | 1153 | 0

Жардамга муктаж адамдар жылдан-жылга көбөйүүдө. Бул тууралуу «Элим барсыңбы?!» коомдук кайрымдуулук фондунун төрагасы Айдар Кубанычбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, фондго бир айда эң аз 150дөй адам жардам сурап кайрылат. Андыктан кайрымдуулук багытында аткарыла турган иштер көп.

«Бир кап көмүр ала албаган үй-бүлөлөр бар. Андыктан 10 сом да маанилүү. 1 кап кара алтынды үнөмдөп 2 жума жаккандар да бар. Ошондуктан акцияга катышууга чакырам. Бир гана «Элим, барсыңбы?!» аркылуу эмес, өзүңүздөргө тааныш муктаж үй-бүлөлөргө көмүр, кышкы кийим берсеңиздер болот», — дейт Кубанычбеков.

Маалыматка ылайык, «Жылуулук тартуула» акциясына катышууну каалагандар 0770 00 40 44 номуруна ЭЛСОМ аркылуу каражат которо алат. Ушул эле номурга бирдик жүктөсө да болот. Фонддун 0772 00 20 15 номуруна байланышып кошумча маалымат ала алышат. Акция өлкөнүн 7 дубанында уюштурулуп жатат.

Азыркы тапта «Жылуулук тартуула» акциясынын алкагында 550 кап көмүр таратылды. Ал эми акциянын негизинде жылына 150 тоннага жакын көмүр таркатылып келет.

Copyright © 2017 Maral FM